Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:36
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Юстиция министри “БУУ-аялдар” түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушту

12.06.2021 11:13
1119
Юстиция министри “БУУ-аялдар” түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушту


Кечээ, 11-июнда КР юстиция министри Асел Чынбаева “БУУ-аялдар” түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрушүндө Асел Чынбаева Улзийсурен Жамсранды Юстиция министрлигинде президенттин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 Жарлыгынын алкагында мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырды.

У.Жамсран Кыргыз Республикасындагы “БУУ–аялдар” түзүмүнүнүн программалары жана долбоорлору боюнча аткарылып жаткан иштер жана жетишкендиктер жөнүндө маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле Юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасындагы “БУУ–аялдар” түзүмүнүн кызматташтыгынын мүмкүн болуучу багыттары талкууланды.

А.Чынбаева жолугушуу үчүн ыраазылыгын билдирип жана Юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасындагы “БУУ–аялдар” түзүмүнүн ортосундагы өз ара кызыгууну жараткан маселелер боюнча эки тараптуу мамиленин өнүгүүсүнө ишенерин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн