Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Асель Чынбаева Юристтердин кесиптик күнү менен куттуктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Министрдин куттукттоосу өзгөртүүсүз берилди.
"Урматтуу коллегалар, достор!
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Юристтер күнү менен чын ыкластан куттуктайм!
Юристтин кесиби коомдо дайыма абдан ардактуу жана маанилүү кесиптердин бири болуп келген, анткени юристтерге өлкөнүн мыйзамдык базасын түзүү, аны өркүндөтүү, коомдо тартипти жана жарандардын укуктарынын корголушун камсыздоо милдети жүктөлгөн.
Мына ушул маанилүү милдетти аткаруу үчүн терең адистик билим, өз билимин дайыма өркүндөтүү, тынымсыз жана түйшүктүү эмгек керек. Мекенибизде мыйзамдардын кынтыксыз сакталышы, жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин натыйжалуу корголушу, экономиканын жана социалдык чөйрөнүн туруктуу өнүгүшү сиздердин компетенттүүлүккө, принциптүүлүккө жана калыстыгыңарга жараша болот.
Бүгүнкү майрам күндө Сиздерге – баардык юристтерге чың ден соолук, бакты-таалай, тынчтык, бакубаттык, иштеги жаңы ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалайм!"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн