Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Юстиция министрлиги №2 колониядагы айыпталган аялдарга укуктук жардам көрсөттү

15.02.2022 16:31
703
Юстиция министрлиги №2 колониядагы айыпталган аялдарга укуктук жардам көрсөттү

Юстиция министрлиги жазык-аткаруу мыйзамдарын гумандаштыруунун алкагында №2 колониясындагы айыпталган аялдарга укуктук жардам көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматы соттолгондордун иштерин сот органдарына кайра кароого жиберүү боюнча план ченемдүү иштерди жүргүзүүдө.


Соттолгондордун укуктук жактан корголушунун деңгээлин жогорулатуу, аларды укуктук жактан агартуу жана жарандардын сот адилеттигине жетүүсүн камсыз кылуу, алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшүү максатында Юстиция министрлиги айыпталгандарга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду демилгеледи.

2022-жылдын 10-февралында Юстиция министрликтеринин орун басарлары Алмазбек Зарылбек уулу жана Орозбек Сыдыковдун жетекчилигинин астында Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун адвокаттар тобу Степное айылындагы №2 аялдар колониясына барышты.


Адвокаттар 60 аялга укуктук жардам көрсөтүштү, алардын арасынан 41 айыпталуучунун иши жаңы Кылмыш-жаза кодекси боюнча кайра каралууга тийиш жана жазанын мөөнөтүн кыскартуу мүмкүнчүлүгү бар. МКЮЖ КБдун координаторлору алардан квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө арыз алышкан.

Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча, көптөгөн соттолгондор кылмыш ишинин алкагында гана эмес, ошондой эле мекеменин дубалдарынын сыртында келип чыккан маселелер боюнча укуктук колдоого муктаж экендиги аныкталды. 


Мисалга алсак, балдарды камкордукка алуу, ар кандай документтерди же мүлккө болгон укуктарды калыбына келтирүү ж. б.

Юстиция министрлиги №2 колониядагы соттолгон аялдарга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнү улантат, ошондой эле башка колонияларга баруу пландалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн