Ош облусунун Араван районунун жашоочуларына 67 акысыз укуктук консультациялар берилди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
14-июлда “Тилектештик Автобусу” долбооруна тартылган адвокаттар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Араван районундагы Тоо-Моюн, Найман, Ак-Шор, Мисте, Сырт, Сары-Таш айылдарынын жашоочуларына 67 акысыз укуктук консультациялар берилди. Калк менен жолугушуу Найман айылынын №11 Кабыл Асанов атындагы орто мектебинин базасында өттү.
Жергиликтүү тургундар негизинен салыктарды эсептөө жана төлөө, пенсияларды жана социалдык жөлөк пулдарды эсептөө, төлөө, кайра эсептөө, жер участокторун бөлүштүрүү, жерди пайдалануунун чектерин аныктоо, автотранспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо, эсепке алуу, өздүгүн тастыктаган документтерди берүү жана башка маселелер менен кайрылышкан.
16-июлда “Тилектештик Автобусу” Ош облусунун Араван районундагы Гульбахор, Мангыт, Кесек, Телейкен айылдарына барат. Калк менен жолугушуу Гульбахор айылында, Керме-Тоо айыл өкмөттүнүн конторасынын жана Мангыт айылында, Мангыт айыл өкмөттүнүн конторасынын базасында өтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн