Юстиция министрлиги Баткен облусундагы чек арачыларга миң комплект кышкы форма тапшырууда. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, комплектке бекитилген технологиялык талаптарга жооп берген, талаада кийиле турган жылуу камуфляждык күрмѳ (бушлат) жана шым кирет.
Бардык 1000 комплект Баткен облусуна октябрь айынын ичинде өткөрүлүп берилмекчи.
Өндүрүштү КРнын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын алдындагы «Келечек» МИсы даярдоодо.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн