Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жамааты укуктук маалымат бөлүмүнүн башкы адиси Лайлилхан Салиеваны 65 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө, Асель Чынбаева эстелик белектерди Салиева Лайлиханга тапшырып, юстиция органдарынын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, чың ден соолук, бакыт жана ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, Салиева Лайлихан юстиция органдарында 30 жылдан ашык иштеп келет.
Пикирлер (1)