Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 00:30
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Юстиция министрлиги акысыз укуктук кеңеш берет (багыттар)

23.06.2022 09:35
378
Юстиция министрлиги акысыз укуктук кеңеш берет (багыттар)


Юстиция министрлиги 23-июнда Бишкек, Ош шаарларында, облустардын жана райондордун борборлорунда жана аймактардагы шаарларда акысыз укуктук кеңеш берүү акциясын өткөрөт. Мекеменин маалыматына караганда иш-чаралар саат 10.00до башталат жана Бишкекте мекеменин имаратындагы акцияга түшкө чейин министрдин орун басарлары, ал эми түштөн кийин министр өзү катышат.

Былтыр ноябрда элге акысыз укуктук жардам берүүгө байланыштуу Юстиция министрлиги USAID уюму менен өз ара кызматташуу меморандумуна кол койгон.

Анын алкагында төмөнкү багыттарда кызматташуу болору айтылган:

- Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү жана укуктук маданиятты жогорулатуу үчүн укуктук базаны чыңдоо;

- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам борборлорунун юристтери үчүн үзгүлтүксүз укуктук билим алуу, гендердик зомбулук, балдардын укуктары, жер/мүлк укуктары жана жарандык укук маселелери боюнча адистештирүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүү аркылуу алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу;

- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү борборлору менен юридикалык жардам көрсөткөн бейөкмөттүк уюмдардын ортосундагы кызматташууну күчөтүү;

- Калктын укуктук кабардарлыгын жогорулатуу үчүн кампанияларды өткөрүү.

Аталган министрликтин алдында Мамлекет кепилдик берген юридикалык жардамды координациялоо борбору иштейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн