Бугу 16, 2024
Убакыт: 09:18
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Юстиция министрлиги жеке сот аткаруучулар институтун киргизүүнү сунуштады

13.07.2022 09:54
541
Юстиция министрлиги жеке сот аткаруучулар институтун киргизүүнү сунуштады


Юстиция министрлиги жеке сот аткаруучулар институтун киргизүүнү сунуштады. Мыйзам долбоору өкмөттүн сайтына жүктөлгөн.

Бүгүнкү күндө соттук чечимдерди Жогорку Сотко караштуу Сот департаменти аткарат.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2021-жылы 380 сот аткаруучунун өндүрүшүндө жалпы 247 миң 917 иш кагазы болгон. Мындайча айтканда, жыл ичинде бир кызматкердин карамагында 652 өндүрүш иш турган. Ал эми айына 54төн ишти карашкан. Бирок министрлик анализдин жыйынтыгы боюнча сот аткаруучу айына 19дан ашык документти карабашы керектигин белгилеген.

"Мындай жагдайлар Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин соттук аткаруучуларынын штаттык саны сот чечимдеринин жана башка аткаруу документтеринин натыйжалуу жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылууга мүмкүндүк бербейт", — деп жазылган маалыматта.

Ушуга байланыштуу жеке соттук аткаруучулар институтун киргизүү, алардын укуктук статусун жана иш тартибин аныктоо сунушталганы айтылат.

Сунушталган мыйзам долбоорунда жеке соттук аткаруучулар өз ишин тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин (аткаруу округунун) аймагында аткарат. Квалификациялык экзамендин жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлүк алышы керек.

Министрлер кабинети аймактарда жеке соттук аткаруучулардын санынын чегин белгилейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн