Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 21:12
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин 21 пайызы эмдөөдөн өттү

26.08.2021 10:37
868
Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин 21 пайызы эмдөөдөн өттү

 Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин 21 пайызы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин статс-катчысы Абдухалык Шамшиев билдирди.


 “Юстиция министрлиги тарабынан короновирустук инфекциясынын таралышын болтурбоо жана анын кесепеттерин жоюу, ошондой эле санитардык-эпидемиялык эрежелерди сактоо боюнча иш алып барылууда”, - деп билдирди КР Юстиция министрлигинин статс-катчысы Абдухалык Шамшиев. 


 Ал кызматкерлерге жеке жана коомдук гигиенанын талаптарын аткаруу: колун самындап жууп жана антисептиктерди колдонуу жөнүндө күн сайын эскертилип жаткандыгын белгиледи. 


 Бүгүнкү күндө Министрликтин системасында, ведомстволук бөлүмдөрдү кошо алганда 4 миңден ашык адам иштеп жатат, анын ичинен 890 кызматкер (21,2%) вакцина алышты.

 

Ошондой эле, опурталдуу топтогу адамдар дистанциялык режимде иштеп жатышат. Булар, ведомстводо иштегендердин болжолу менен 30% (пайызын) түзгөн, өнөкөт оорулары бар жана улгайып калган адамдар.


Жыйынтыгында, Абдухалык Шамшиев эмдөө – оорудан сактануунун эффективдүү чарасы экенин айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн