Бугу 22, 2024
Убакыт: 04:17
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Йеменде аэропорттогу жардыруудан каза болгондордун саны 25ке жетти

31.12.2020 09:30
387
Йеменде аэропорттогу жардыруудан каза болгондордун саны 25ке жетти

Йемендин түштүгүндө жайгашкан Аден шаарындагы  аэропорттогу жарылуудан кийин каза болгондордун саны 25ке жетти, 110 адам жаракат алды. Бул тууралуу  Йемендин Саламаттыкты сактоо министри Касем Бухейбух "Аль-Жазира" телеканалына билдирген.


Буга чейин 13 адам каза болуп, 50дөн ашуун адам жаракат алганы кабарланган.

"Аден аэропортундагы кол салуунун курмандыктарынын саны 25ке жетти, 110у жаракат алды", - деди министр.


Буга чейин Аден провинциясындагы  аэропорттогу террордук чабуул учурунда жаракат алгандардын арасында Йемендин байланыш министринин орун басары Насир Шариф, ошондой эле Аден губернаторунун өкүлү Хасан аль-Замики жана жергиликтүү аль-Мансур Наджи аль-Махри түрмөсүнүн директору болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн