Бугу 21, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Йеменде министрлер учактан түшөрдө аэропортто катуу жардыруу болду (видео)

30.12.2020 17:28
1062
Йеменде министрлер учактан түшөрдө аэропортто катуу жардыруу болду (видео)

     

Йемендеги Аден аэропортунда катуу жарылуу болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жарыялоодо.


Жардыруу Сауд Аравиясынан өкмөттүк делегация учак менен келген учурда болгон. Маалымат каражаттарынын айтымында, каза болгондор жана жаракат алгандар бар.         

«Аден аэропортунун учуу залында катуу жарылуу болду. Жаңы өкмөттүн министрлери учактан түшө элек болго. Бирок, каза болгон жана жаракат алгандардын саны көп болушу мүмкүн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, беш адам каза болуп, 20 адам жаракат алган», - деп билдирди жергиликтүү булактар.


Сауд Арабиянын Аль-Арабия телеканалынын маалыматына ылайык, аэропортто минометтун үч огу жарылып, андан кийин ок атылган. Араб маалымат каражаттарынын айтымында, ондогон адамдар набыт болуп, жаракат алышкан, бирок өкмөт мүчөлөрү эч кандай жаракатсыз, ак сарайга барган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн