Жазаларды аткаруу кызматы Бишкек шаарындагы 1-тергөө абагында жаткан Клара Сооронкулованы ооруканага жаткырууга уруксат берди. Бул тууралуу 24.kg агенттиги кабарлады.
Маалым болгондой, Сооронкуловага операция жасалуусу күтүлүүдө.
Буга чейин, Кемпир-Абад боюнча камалгандардан Орозайым Нарматова, Равшан Жээнбеков, Перизат Суранова ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн