Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин кайрадан операция болгону тууралуу маалыматты четке какты.
Сатыбалдиев Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып, бир апта мурун №47 абакка кайтканын ЖАМКнын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова "Азаттык" радиосуна билдирди.
Экс-премьер-министр аталган ооруканага сенябрдын башында жаткан. Айрым маалымат каражаттары ал омурткасынан операция болгонун жазышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн