Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 02:15
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ЖАМК: "Коронавируска 543 кызматкерди текшерип, анализдери таза чыкты"

16.05.2020 17:14
924
ЖАМК: "Коронавируска 543 кызматкерди текшерип, анализдери таза чыкты"


Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы COVID-19 инфекциясына кызматкерлерин текшерип жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы СИЗО-1 тергөө абагынын №47, №2, №3 жана №27 түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери анализ тапшырып, текшерүүдөн өтүшкөн. 


Мындан тышкары Жазаларды аткаруу кызматына тиешелүү мекемелерди тейлеген бейтапкана жана госпиталдагы 18 дарыгер коронавируска карата текшерилип, жалпысынан 543 кызматкер анализ тапшырган. Алардын баарынын жыйынтыгы таза чыккан. 


"ЖАМК кызматкерлеринин арасынан дене табы көтөрүлгөндөр же сасык тумоонун белгилери байкалгандары болсо дароо бейтапканага жөнөтүлүп жатат. Ал жерден алар сөзсүз түрдө COVID-19га ПЦР-анализ тапшырышат. Андан кийин үй карантининде же изоляцияда медиктердин көзөмөлүнө алынууда.

Күн сайын жумушка келген кызматкерлердин дене табы тепловизорлор менен ченелип жатат. Бардык мекемелер дезинфекцияланып турат. Биздин кызматкерлердин арасында COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандар бар деген маалымат чындыкка дал келбейт. Жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат", - деп айтылат басма сөз кызматынан маалыматында.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн