Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Көлбаевди күтүп алуу үчүн дасторкон жайылган деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы кабарлады.
"Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө видео 5-ноябрь күнү тартылганы маалым болду. Бул күнү мекеменин администрациясы план боюнча Тарых жана ата-бабаларды эскерүү майрамына карата спорттук иш-чара, анын ичинде чакан футбол турнирин уюштурган. Түшкү тамак учурунда дасторкон жайылып куран окутулган",-деп жазылган билдирүүдө.
Ошондой эле, видеону тарткан адам изоляторго киргизилип, тиешелүү жазасы берилгенин да айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн