Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 21:27
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

ЖАМКнын мекемелеринде коронавирусту алдын алуу иштери өткөрүлдү (фото)

24.03.2020 18:52
646
ЖАМКнын мекемелеринде коронавирусту алдын алуу иштери өткөрүлдү (фото)


Коронавирусту алдын алуу жана анын таралышына бөгөт коюу максатында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, ЖАМКнын мекемелеринде коронавирусту алдын алуу жана анын таралышына бөгөт коюу боюнча ыкчам штаб түзүлгөн.


Маалыматка таянсак, учурда мекемеде 9 597 адамдар кармалууда. Ал эми ЖАМКнын медициналык кызматынын түзүмүндө 13 медициналык-санитардык бөлүк, 4 ден-соолукту чыңдоо пункту жана 535 орунга ылайык 2 стационардык дарылоочу мекеме бар. Ошондой эле, өздүк курамга жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык жардам көрсөтүүчү бейтапкана бар экени кабарланат.

 

Мындан сырткары чектөөлөр да киргизилген. Алардын арасында маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн