№27 түзөтүү абагынын дагы 3 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 20-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун
басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Мурда 4 кызматкерден коронавирус чыккан. Жаңы жүргузгөн изилдөөлөрдө Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын дагы 3 кызматкеринен илдет табылды. Учурда алар байланышта болгон бардык жарандар табылып, алардан анализ алынууда", - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн