Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча кылмыш иштеринде мамлекетке 5 млрд 439 млн 527 миң 482 сом зыян келтирилген. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, бул ишке тиешеси бар кызмат адамдарына соттун чечими менен тиешелүү өкүмдөрү угузулган жана жазалар берилген.
“Бирок бүгүнкү күндө Жогорку сотко Башкы прокуратура тарабынан Бишкек шаардык сотунун өкүмдөрүнө карата даттануу келтиргенбиз. Учурда Жогорку соттун кароо стадиясында турат”, - деди Жамшитов.
Ошондой эле, ал Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кулматов менен Ибраимов экөөнүн иштери бириктирилип, Бишкек шаардык сотунда каралып жатканын айтты. Биринчи инстанция боюнча тиешелүү жазаларын алышкан.
“Экс-мэрлердин иши шаардык сотто каралып жатат, азырынча жыйынтыгы чыга элек. Ал кылмыш иштери боюнча соттоолучулардын үй мүлктөрү камакка алынган. Соттун өкүмү менен тиешелүү мүлктөрү мамлекеттин пайдасына конфискацияланат”, - деди прокурор.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн