Бугу 17, 2024
Убакыт: 03:17
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

ЖЭБде дагы бир от казан жана турбоагрегатты ишке киргизүүгө даярдалууда

03.02.2024 09:52
228
ЖЭБде дагы бир от казан жана турбоагрегатты ишке киргизүүгө даярдалууда


Учурда Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 245 мегаватт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.


«Дагы бир от казан жана бир турбоагрегатты ишке киргизүүгө даярдалууда. Жарылуунун кесепеттерин жоюу иштери уланууда», - деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, учурда бардыгы болуп алты казан жана үч турбоагрегат иштеп жатат. Абанын температурасы 35 градустан 68 градуска чейин кармалууда.


Эске салсак, 2-февралда түнкүсүн Бишкек жылуулук борборунда авария болду. Азырынча жарылууга эмне себеп болгону белгисиз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн