Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 08:34
USD
86.90
87.40
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

ЖЭБде жабырлануучулардын экөө Түркияга дарыланууга жөнөтүлдү

04.02.2024 11:14
399
ЖЭБде жабырлануучулардын экөө Түркияга дарыланууга жөнөтүлдү


Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн ЖЭБде жабыркаган эки адам, ошондой эле тик учактын кулашынан жабыркаган эки аскер кызматкер андан ары дарылануу үчүн Түркиянын адистештирилген клиникаларынын бирине жөнөтүлдү. Бул тууралуу ыкчам штабдан билдиришти.

Жабырлануучуларды жакындары менен бирге кыргызстандык эки дарыгер коштоп барат.

Бейтаптар, коштоп жүргөн туугандары жана дарыгерлер президенттик ТУ-154 борту менен жеткирилет.

Жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык иш-чаралар президенттин жеке көзөмөлүндө, жабыркагандарды, алардын жакындарын жана медицина кызматкерлерин Түркияга жеткирүү үчүн каржылык каражаттар бөлүнгөн.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш кызматкер жабыркап, ооруканага түштү.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн