Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 21:01
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ЖЭБдеги авария. Түркияда дарыланып жаткан жабырлануучулардын абалы айтылды

28.02.2024 09:28
116
ЖЭБдеги авария. Түркияда дарыланып жаткан жабырлануучулардын абалы айтылды


27-февралга карата Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын жана аскердик тик учактын кыйрашынын кесепетинен жабыркап, Түркияда тиешелүү дарылануудан өтүп Кыргызстандын жарандарынын абалы туруктуу. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Түрк дарыгерлеринин маалыматы боюнча, күйүк алган эки бейтап айыгуу стадиясында. Жакынкы күндөрү пластикалык операциядан кийин аларды реанимациядан жалпы палатага которуу пландалууда.

Тик учактын кулашынан жабыркаган Кыргызстандын эки жараны пландуу операциялардан кийин травматология бөлүмүндө жатышат. Дарыгерлер алардын абалын жакшыртуу үчүн тиешелүү дарылоону жүргүзүп жатышат.

Кыргызстандын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу жабыркагандардын туугандары жана дарыгерлер менен дайыма байланышта болуп, ошондой эле бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүнү улантууда.

"Бул маселе министрликтин жана Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө турат", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн