Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:56
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

ЖЭБдеги аварияга байланыштуу Түркмөнстан суюлтулган газды гуманитардык жардам катары берүүгө даяр

02.02.2024 23:52
247
ЖЭБдеги аварияга байланыштуу Түркмөнстан суюлтулган газды гуманитардык жардам катары берүүгө даяр


Бишкек ЖЭБдеги аварияга байланыштуу түркмөн тарап Кыргызстанга суюлтулган газды гуманитардык жардам катары берүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри менен Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередовдун телефондук сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө айтылды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын эки тараптуу жана көп тараптуу платформалардагы актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар саясий диалогду колдоонун, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду жана өз ара кызыкчылык болгон иш-чараларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

"Телефондук сүйлөшүүдө Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Рашид Мередов Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун тапшырмасына ылайык, Бишкек ЖЭБдеги аварияга байланыштуу түркмөн тарап Кыргыз Республикасына суюлтулган газды гуманитардык жардам катары берүүгө даяр экенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Маектештер кыргыз-түркмөн мамилелерин стратегиялык өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу кызматташуу духунда кеңейтүү жана тереңдетүү максатында мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн