Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 10:30
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

ЖЭБди оңдоо үчүн дээрлик 7 миллион сомдук тендер жарыяланды

18.02.2021 09:55
1080
ЖЭБди оңдоо үчүн дээрлик  7 миллион сомдук тендер жарыяланды

"Электр станциялары" ААК Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунун имараттарынын жана курулмаларынын чатырын оңдоо боюнча тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына маалымат жайгаштырылган.


Сатып алуунун форматы стандарттуу, сатып алуунун методу бир этаптуу.

Пландалган сумма 6 миллион 708 миң 167,57 сомду түзөт.


Конкурстук билдирмелерди берүү мөөнөтү 2021-жылдын 1-мартына чейин.


Лоттор төмөнкүдөй:

1) ЖЭБ-2нин административдик имаратынын чатырын оңдоо - 1 миллион 176 миң 865,52 сом;


2) Борбордук Реконструкциялоо Борборунун цехинин имаратынын жумшак чатырын оңдоо - 859 миң 142,67 сом;


3) Турбина цехинин башкы корпусунун имаратынын жумшак чатырын оңдоо, 3-этап - 3 миллион 565 миң 838,05 сом;


4) БНС-3 имаратынын жумшак чатырын оңдоо - 876 миң 562,49 сом;


5) КП-10-35 класстагы электрофильтрлердин порталдык кранын сырдоо - 229 миң 758,84 сом.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн