Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында санариптик өнүктүрүү министри кызматына Жамангулов Азамат Саадатбековичти дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.
Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов министр кызматына талапкер тууралуу маалымат берип, президенттин сунуштамасы менен тааныштырды.
Депутаттар өлкөдө санариптештирүү жаатындагы маселелерди көтөрүп, сунуштарын айтышты. Алар талапкердин көңүлүн архивдерди санариптештирүү, мамлекеттик органдардагы бирдиктүү маалыматтык системаны колдонуу жана ишке ашыруудагы кемчиликтерди, мамлекеттик банктардын электрондук кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу, мамлекеттик тиркемелерди иштеп чыгуу боюнча талаптарын айтышты.
Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Азамат Жамангуловду санариптик өнүктүрүү министри кызматына дайындоого макулдук берди.
Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн