Баш оона 22, 2025
Убакыт: 03:30
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

ЖК Дүйнөлүк банктан Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн 5 млн доллар алуу боюнча макулдашууну ратификациялады

14.02.2024 16:00
428
ЖК Дүйнөлүк банктан Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн 5 млн доллар алуу боюнча макулдашууну ратификациялады


14-февралда Жогорку Кеңеш Дүйнөлүк банктан Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн 5 млн АКШ долларын алуу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин сайты кабарлады.


Долбоорду 5-февралда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жактырган.


Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 гидроэлектр станциясынын (ГЭС) долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга 5 миллион АКШ долларын бөлөрү былтыр күздө маалым болгон. Ошол маалда мекеменин сайтында жазылгандай, Дүйнөлүк банктын Аткаруучу директорлорунун кеңеши бул чечимди 31-октябрда бекиткен.


Тиешелүү макулдашууга 14-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хассан Накви кол койгон.


Каражат жеңилдетилген насыя жана грант катары берилет. Анын ичинде 3 миллион доллар 10 жылдык жеңилдик мезгилин эске алганда 50 жылга пайызсыз карыз катары бөлүнөт. Калган 2 миллион доллар көп тараптуу донордук грант түрүндө берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн