Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:34
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ЖК Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапты

19.06.2024 18:47
314
ЖК Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапты


Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы иши жөнүндө отчетту канааттандырарлык деп тапты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, маселе боюнча Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов маалымат берди.

Талкуу маалында депутат Акбөкөн Таштанбеков Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүндөгү коррупцияны жоюу керектигин белгилеп, ошону менен бирге бала бакчалардын имараттарын кайтаруу боюнча чараларды күчөтүүнү сунуштады.

Эл өкүлү Гуля Кожокулова Эсептөө палатасынын материалдарынын негизинде канча кылмыш иши козголгонуна кызыкты. Буга башкы прокурорунун орун басары Үмүткан Конкубаева белгилегендей, кароонун жыйынтыгы боюнча 68 материал жөнөтүлгөн. Анын негизинде 23 прокурордук акт келтирилип, 6,6 млн сомго зыяндын орду толтурулган.

Депутаттар Элдар Абакиров жана Улугбек Ормонов да бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселелерине токтолушту. Муну менен катар эл өкүлү Эльдар Абакиров ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып жаткан мамлекеттик ишканалар тарабынан бюджеттин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгиледи.

Ал эми депутат Арсланбек Малиев кирешелер менен чыгашалардын шайкештигин гана эмес, бюджеттик каражаттарды колдонуунун натыйжалуулугун да текшерүүнү, бул үчүн тиешелүү методиканы иштеп чыгууну сунуштаса, депутат Алишер Козуев Эсептөө палатасынын кадр саясатына көңүл бурду.

Эл өкүлү Шарапаткан Мажитова Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборун текшерүү боюнча депутаттар тарабынан тапшырма берилгенин эске салып, жыйынтыгына кызыкты. Эсептөө палатасынын өкүлү бул тууралуу отчет жакын арада даяр болорун маалымдап, премияларды берүү жана башка бузууларга токтолду.

Андан тышкары, депутат Камила Талиева бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу менен байланышкан мыйзам бузууларга өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Ошондой эле депутат Эсептөө палатасынын отчетуна ылайык, «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүгү сакталбастан 250 млн суммасында 20 иш-чара каржыланбаганын сындап, жооптуу органдардан чара көрүүнү талап кылды.

Депутат Ырысбек Атажанов да Баткен облусун өнүктүрүүгө бөлүнгөн каржылык каражаттардын өздөштүрүлүшүнө, аныкталган мыйзам бузууларга токтолсо, эл өкүлү Мирлан Самыйкожо маданият тармагына бөлүнгөн каражаттарды пайдаланууга өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады. Депутат Талайбек Масабиров текшерүүнүн жыйынтыгында каржылык тартипти одоно бузган мамлекеттик органдарга кызыкты.

Эл өкүлү Гүлшаркан Култаева дебитордук карызды өндүрүү маселесин көтөрүп, өткөн жылдагы аудиттин жыйынтыгы боюнча "Кыргыз темир жолу" улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын мыйзам бузууларына жана кемчиликтерине көңүл бурду.

Жыйынтыгында Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы иши жөнүндөгү отчету канааттандырарлык деп табылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн