Бугу 08, 2024
Убакыт: 22:57
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

ЖК Кендирбаеваны билим берүү министри кызматына дайындоого макулдук берди

05.10.2023 18:52
334
ЖК Кендирбаеваны билим берүү министри кызматына дайындоого макулдук берди


Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Догдуркүл Кендирбаеваны билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Талапкерди президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырып, Догдуркүл Кендирбаеванын эмгектик ишмердүүлүгүнүн жана кесиптик жетишкендиктеринин негизги этаптарына токтолду.

Өз кезегинде, Догдуркүл Кендирбаева депутаттарды өзүнүн платформасы менен тааныштырып, 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген артыкчылыктуу багыттарды улантууга болгон күч-аракетин жумшай турганын белгиледи. Анын ичинен, мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн кеминде 50%ын функциялык сабаттуулуктун базалык деңгээлине жеткирүү – башкы максат экенин айтты.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырышты.

Эске салсак, 28-сентябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн