Бугу 08, 2024
Убакыт: 02:51
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

ЖК “Конституциялык сот жөнүндө” долбоорду талкуусуз кабыл алды

28.09.2023 14:07
216
ЖК “Конституциялык сот жөнүндө” долбоорду талкуусуз кабыл алды


28-сентябрда Жогорку Кеңеш “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз эле колдоду. Документти парламентте талкуулабай эле кабыл алуу сунушун депутат Надира Нарматова берди.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна экинчи окууда 64 “макул”, 2 депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда документти 63 депутат колдоп, 5 эл өкүлү каршы болду. Эми мыйзам долбоору кол коюу үчүн президентке жөнөтүлөт.

“Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин президент Садыр Жапаров көтөргөн. Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен кайра каралышы мүмкүн экени көрсөтүлгөн.

Конституциянын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп так белгиленген.

Президенттин администрациясы Баш мыйзамда деле “Жогорку Соттун чечими акыркы болот” деп жазылганын билдирип, бирок Кылмыш-жаза-процессуалдык кодекси боюнча жаңы жагдай чыкса, иш кайра каралат деген жобону жүйө келтирген.

Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызы тууралуу чечим чыгарган. Анда Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы эмес деп табылган.

Конституциялык соттун чечмелөөсүнө ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар.

“Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси ушул окуядан кийин көтөрүлгөн.

6-сентябрда Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев “матроним” маселеси боюнча түшүндүрмө берген Конституциялык соттун төрагасын жана анын бардык мүчөлөрүн өз арызы менен кызматтан кетишин талап кылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн