Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:34
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ЖК “Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун II окууда кабыл алды

11.09.2024 13:31
391
ЖК “Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун II окууда кабыл алды


Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “КH Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды.

Демилгечи - vинистрлер кабинетинин төрагасы.

Аны депутаттарга Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков тааныштырды.

Мыйзам долбоорунун максаты жана милдеттери - кызматкердин жана кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын алдындагы иш берүүчүнүн жоопкерчилигин камсыздандыруу боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликти киргизүү максатында камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү жаатындагы камсыздандыруу ишинин ченемдерин өркүндөтүү.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Гүлшаркан Култаева, Дастан Бекешев камсыздандыруу механизмдери жана тартиби, иш берүүчүнүн жумушчунун алдындагы жоопкерчилиги жана кооптуу өндүрүштүк объектилерди иштеткен уюмдар тууралуу маселелерди белгилешти. Депутат Жылдыз Садырбаева камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмү тууралуу маселени тактады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн