Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун судьялыгына Дамир Назаровдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу ЖКнын бүгүнкү жыйынында белгилүү болду.
Дамир Назаров судьялыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов тарабынан көрсөтүлгөн.
Жашыруун добуш берүүгө 93 депутат катышып, 1 депутат каршы добуш берсе, калганы макул болгон.
Добуш берүүдөн кийин Назаров ант берди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн