Бештин айы 27, 2024
Убакыт: 06:34
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

ЖК баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү мыйзам долбоорун I окууда колдоду

19.12.2024 14:32
88
ЖК баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү мыйзам долбоорун I окууда колдоду


Бүгүн Жогорку Кеңеш “Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоп берди.

Парламенттен маалымдашкандай, мыйзам долбоорун депутат Медербек Алиев демилгелеген.

Эл өкүлү белгилегендей, мыйзам долбоору Жарандык кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана “Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт. Анткени акыркы жылдарда коомдо “аптекалык баңгичилик” деп аталып, күчтүү таасир берүүчү дары каражаттарын кыянаттык менен пайдаланууга байланышкан кооптуу тенденция байкалууда.

Документте баңги кылуучу каражаттарды колдонууга жарнамалоого жана эл алдында чакырыктарга, баңги кылуучу каражаттарды камтыган дары-дармек каражаттарын алууга укук берүүчү рецепттерди же башка документтерди мыйзамсыз берүүгө багытталган аракеттер үчүн жазаны күчөтүү сунушталууда.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда Медербек Алиев айыптын суммасын 50 миң сомдон 200 миң сомго чейин жогорулаттылып жатканын айтты. Депутат Айжигит Тыналиев онлайн казино жаштар арасында да кеңири жайылып, терс кесепеттерге түрткү берип жатканын белгилеп, мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын берди.

Ошондой эле эл өкүлдөрү Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги алдын алуу иштерин колго алып, баңгичиликтин кесепеттери боюнча видео роликтерди арбын таратуу керектигин айтышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн