Жогорку Кеңештин депутаттары чукул түрдө экинчи жана үчүнчү окууда башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүү мыйзам долбоорун кабыл алышты. Чечим бүгүн жыйында кабыл алынды.
Жалпысынан добуш берүүгө чейин 63 депутат каттоодон өттү. Төрт адам мыйзам долбооруна каршы чыгышты - Дастан Бекешев, Каныбек Иманалиев, Айсулу Мамашова жана Наталья Никитенко.
Вице-спикер Мирлан Бакиров мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен кабыл алынгандыгын белгиледи.
Эске салсак, кечээ аталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган эле.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн