Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Депутат Айбек Алтынбеков Базар-Коргондогу обсервацияга 10 дем алдыруучу концентратор тапшырды (сүрөт)

20.07.2020 10:06
1163
Депутат Айбек Алтынбеков Базар-Коргондогу обсервацияга 10 дем алдыруучу концентратор тапшырды (сүрөт)


КР Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Алтынбеков коронавирус менен күрѳшүүгѳ жардам берүүсүн улантууда. Бул ирет эл ѳкүлү Базар-Коргон районунда ачылган обсервацияга  жардам катары 10 дем алдыруучу концентраторду  тапшырды.


Эл ѳкүлү концентраторлорду тапшырып жатып, ооруканада илдет менен алышып жаткандарга ден-соолук каалап, оорудан сакайып кетүүсүн каалады. Ошону менен бирге концентраторлор кѳптѳгѳн оорулууларды ѳлүмдѳн алып каларына ишеними чоң экенин билдирди.


Депутат ошондой эле обсервациянын  шейшеп, жууркандарын жаңылоо үчүн 50 миң сом берди.


Эл ѳкүлүнүн мындай жардамына ак халатчандар ыраазылыктарын айтышып, ишине ийгиликтерди каалады. Базар-Коргон райондук администрациясы  болсо эл ѳкүлүнѳ  Ыраазычылык грамотасын тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн