Аяк оона 22, 2025
Убакыт: 14:27
USD
87.30
87.80
EUR
102.10
103.10
RUB
1.040
1.075

ЖК депутаты Азизбек Турсунбаев Ала-Бука районунда мугалимдер менен жолугушуу өткөрдү

22.09.2025 12:39
309
ЖК депутаты Азизбек Турсунбаев Ала-Бука районунда мугалимдер менен жолугушуу өткөрдү


Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев Ала-Бука районунун Айры-Там айыл аймагындагы Жаңы-Шаар жалпы орто билим берүүчү мектебине барып, мугалимдер менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу эл өкүлү социалдык тармактагы өздүк баракчасы аркылуу билдирди.


“Өлкөбүздүн келечеги билимдүү жаштарда деп дайым айтып келебиз. Андыктан аларга жеткиликтүү шарттарды түзүп, бардык керектүү муктаждыктарын камсыз кылып берүү зарыл. Бул жаатта бүгүнкү күндө мамлекетибиз өтө олуттуу кадамдарды жасоодо. Республикабыздын дээрлик бардык аймактарында заман талабына төп келе турган жаңы мектеп имараттарынын курулушу улам көбөйүп жатканына күбө болуп келебиз”, - деди Азизбек Турсунбаев.


Мындан тышкары аталган мектептин эмгек жамааты менен баарлашып, аларга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын фондунун каржылык колдоосу менен алынган компьютердик жабдуулар тапшырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн