Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев Кыргызстанда алгачкы жолу белгиленип жаткан Аталар күнү менен куттуктады.
Төмөндө эл өкүлүнүн куттуктоосу:
“Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу аталар!
Сиздерди бүгүн республикабызда биринчи жолу белгиленип жаткан Аталар күнү майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.
Кыргызда “Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны” деген накыл кеп бар. Ар бир үй-бүлөдө атанын орду бийик. Ата тарбиясы уул-кыздарынын эртеңки келечеги үчүн бекем пайдубал болуп берет.
“Ата аскалуу зоо, эне боорундагы булак” деп келген элибиз. Атанын карааны эле бир үй-бүлө үчүн кандай чоң күч, чоң дем. Атанын акылы, атанын тарбиясы, атанын камкордугу ар бир бала үчүн гана эмес, коомдун тарбиялуу болушу үчүн да өтө маанилүү.
Ардактуу аталар!
Сиздерге кажыбас кайрат, чың ден соолук жана узак өмүр каалайм. Кыргызда атанын орду дайыма төрдө. Ошол татыктуу ордуңуздарда ар дайым сый-урматка ээ болуп жүрө бериңиздер. Майрамыңыздар кут болсун!”.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн