Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев жалпы мусулмандарды ыйык Орозо Айт майрамы менен куттуктады.
Төмөндө эл өкүлүнүн куттуктоо тексти:
“Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу достор!
Жалпыңыздарды мусулмандардын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайм!
Дээрлик бир айга созулган Рамазан айында мусулмандар орозо кармап, Жараткандан жакшы тилектерди суранып, кетирген ката-күнөөлөрү үчүн кечирим сурашат. Адамдар бири-бирине жылуу мамиле жасашып, колдон келген жардамдарын аябоого аракет кылышат.
Ошондон улам ыйык Рамазан айы тынчтыктын, сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн, боорукерликтин, ынтымак-ырашкерликтин айы деп айтылып келет. Бир жылда бир келүүчү Рамазан айында алган таасирлер, руханий тазалануулар адам баласы үчүн кийинки Рамазанга чейин күлазык болуп бере ала тургандай болушу маанилүү.
Ыйык Рамазан айында, Орозо айт майрамында жергебизге тынчтык, элибизге байгерчилик жашоо каалайм. Жараткан өзү ар бир үйгө кут-берекесин берсин. Карыларыбыздын оозунан батасы төгүлүп турсун, жаштарыбыздын деминен мамлекетибизде ар дайым алгылыктуу иштер жасалып турсун. Рамазан айында жасалган соопчулук, кайрымдуулук иштер жыл бою уланып жасала берсин.
Ылайым элибизден ырыскы куту кетпесин!
Орозо айтыңыздар маарек болсун!”.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн