Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев Бишкектеги унаа тыгынын жоюунун бир ыкмасын сунуштады.
Анын айтымында, окуулар менен жумуштар төмөнкүдөй графикте болушу керек:
- окуучулар мектепке саат 8:00гө барсын;
- жумуштар саат 9:00дө башталсын;
- студенттер окуу жайына саат 10:00гө барсын.
Депутат өз алдынча изилдеп чыгып, ушундай тыянакка келгенин белгиледи. Анын айтымында, бул ыкма тыгынды толук жойбосо да кыйла азайтат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн