Бугу 14, 2024
Убакыт: 10:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

ЖК депутаты Кыргызстанда насыянын пайызын азайтууну сунуштады

14.11.2023 13:02
805
ЖК депутаты Кыргызстанда насыянын пайызын азайтууну сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстанда насыянын пайызын кыйла азайтууну сунуштады.


Эл өкүлү бул боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан, документ учурда коомдук талкууда.


Маалымкат-негиздемеде өлкөдө насыянын орточо коюму 25-30 пайыздын тегерегинде экени жазылып, бирок эл үчүн бул сумма көп экени жана экономикалык жактан негизсиз болуп саналары белгиленген. Айрым микрозаймдарда пайыздардан өндүрүп алынган сумма бир жылда карыздын негизги суммасынан 1,5 эсе, керек болсо андан да ашат.


Насыянын пайызын азайтуунун артыкчылыктары:

- экономикалык өсүштү стимулдаштырат;

- үй чарбасында финансылык жүктү азайтат;

- калктын аз камсыз болгон катмары үчүн кредиттин жеткиликтүүлүгүн жогорулатат;

- көмүскө сектордун көзөмөлдөнбөгөн өсүшүнүн тобокелдигин төмөндөтөт;

- керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талапты жогорулатат.


Маматалиев Улуттук банк тарабынан аныкталган чектүү пайыздын өлчөмүн учурдагыдай 15 эмес, 7 пайыз кылып бекитүүнү сунуштаган. Ал эми туум, айып пулдардын суммасы насыянын 10 пайызынан (азыр 20 пайызга чейин) ашпашы керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн