Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ЖК депутаты Россиядагы элчи менен мекендештердин маселелерин талкуулады

30.08.2022 08:40
401
ЖК депутаты Россиядагы элчи менен мекендештердин маселелерин талкуулады

 29-августта Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Саматтын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эмилбек Жамгырчиев менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы маалымдады.


Анын жүрүшүндө кыргызстандыктарга тиешелүү актуалдуу маселелер талкууланып, алардын Россия Федерациясындагы укуктук абалына өзгөчө көңүл бурулду.

"Жолугушуунун жүрүшүндө депутат Жамгырчиев жарандарды кабыл алуу боюнча Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн иши менен таанышып, Россия Федерациясынын аймагында эмгек ишмердүүлүгү менен алектенген Кыргыз Республикасынын жарандарынын өлкөдө жүрүү тартибине байланышкан учурдагы кырдаал тууралуу маалымат алды. 


Жыйынтыгында эл өкүлү Россия Федерациясындагы кыргыз диаспора уюмдарынын активисттерине ыраазычылык баракчаларын тапшырды",- деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн