Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Депутат Россиядан газды рубль менен сатып алууну сунуш кылды

14.05.2020 17:48
801
Депутат Россиядан газды рубль менен сатып алууну сунуш кылды


Депутат Кожобек Рыспаев бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өкмөткө Россиядан жаратылыш газын рубль менен сатып алууну сунуш кылды.

Депутаттын айтымында, учурда Россия валютасынын куну түшүп жатат. Ошондуктан газды рубль менен сатып алса кыйла арзан түшмөк.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин айтымында, өткөн жума күнү Россия Федерациясынын өкмөт башчысынын орун басары менен видео конференция аркылуу сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Анда газдын баасын төмөндөтүү боюнча макулдашуулар талкууланды.“Буюрса, Россия тарап газдын наркын арзандатууну убада берип жатышат”, - деди Асрандиев.

Белгилей кетскек, учурда Жогорку Кеңеште “КРнын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн