Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЖК депутаты Япониядан жардамга медициналык жабдуу сурады

09.03.2020 14:10
652
ЖК депутаты Япониядан жардамга медициналык жабдуу сурады


Жогорку Кеңештин Япония менен кызматташуу боюнча досук тобунун башчысы Таалайбек Масабиров аталган мамлекеттин Эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нэмото Наоюки баштаган топ менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктык мамилелердин келечеги жаатында пикир алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.


Депутаттын айтымында, JICA уюмунун көмөгү менен Кыргызстанда бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда.


Эл өкүлү алдыда турган бир топ долбоорлорго JICA өкүлүнүн көңүлүн бурду. «Кыргызстан 2020-жылды өлкөнү санариптештирүү жылы катары жарыялады. Ошондон улам, калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана мамлекеттик органдардын документ жүгүртүү тармагын электрондук форматка өткөрүү, Мамлекеттик сейсмология институтун куруу жана аны заманбап технология менен инженердик долбоорлоо, Медициналык клиниканы рентген, МТР, УЗИ сындуу заманбап жабуулар менен жабдуу сындуу өтө маанилүү маселелер турат. Ушул багытта сиздер тараптан гранттык каражаттар каралса жакшы болор эле», - деди Таалайбек Масабиров.


«Биздин кызматташтык багытыбыз ар түрдүү. Мисалы, азыр жол куруу, таза суу чыгаруу, энергетика, медицина, билим берүү сыяктуу тармактарда алакабыз бар. Мындай чаралар биздин аз да болсо өлкө экономикасын көтөрүүгө, калк турумушун жакшыртууга кошкон салымыбыз болот деген ишенимдебиз», - деди ал.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн