Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 12:10
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

ЖК депутаты акча алмаштыруу жайларын үч айга жаап турууну сунуштады

16.03.2022 16:12
1556
ЖК депутаты акча алмаштыруу жайларын үч айга жаап турууну сунуштады


Жогорку Кеңештин депутатыАйбек Алтынбековөлкөдөгү акча алмаштыруу жайларын үч айга чейин жабууну сунуштады.


Анын айтымында, Украинадагы кырдаал жөнгө салынганга чейин акча алмаштыруу бюролорунун ишин токтотуп туруу керектигин айтып, Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңишке кайрылды. Жеңиш мындай учурда ишкерлер жабыркай турганын белгиледи. Анткени алар киреше булагын көрсөткүсү келбейт.


"Ишкерлер банктар менен иштеше берсе болбойбу? Мамлекетке акча төлөгүсү келбесе, анда биз качан өнүгөбүз. Үч айга ишин токтотуп көрбөйлүбү, качанкыга чейин көмүскө экономикада жүрө беребиз", — деди депутат.

Андан соң Нурбек Жеңиш бул маселени этияттап караш керектигин, себеби соода-сатыкта жүргөндөр акча алмаштыруу жайлары менен иштей турганын белгиледи.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн