Бештин айы 26, 2024
Убакыт: 01:52
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

ЖК депутаты бакчаларда бөбөктөрдү эшикке чыгарбоону сунуштады

25.12.2024 13:41
36
ЖК депутаты бакчаларда бөбөктөрдү эшикке чыгарбоону сунуштады


Жогорку Кеңеште Бишкектеги ыштан улам бакчаларда балдарды эшикке чыгарбоо сунушу түштү.


Депутат Айсулуу Мамашова учурда шаардагы абанын сапаты бөлмөнү желдетүүгө тыюу салынган деңгээлге жеткендигин айтты.


"Бишкектеги экологиялык абал калктын ден соолугуна катуу зыян алып келген кырдаалга жетип калды. Экология министрлиги кандай чара көрүп жатат? Өзүбүз кыйналып, дем ала албай жатабыз, анан балдар кандай болот?" — деди эл өкүлү.


Мамашова Экология министрлигинин шалаакылыгынан шаардыктар жабыркап жатканын белгиледи. Ал эми министрликтин өкүлү абал өтө коркунучтуу эместигин, ведомство иштеп жатканын айтты. Министрлик буга чейин Бишкектеги абанын сапатын өлчөөчү датчиктер туура эмес иштеп жатканын кабарланган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн