Бугу 21, 2024
Убакыт: 20:40
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Жогорку Кеңеште доллар түшсө да ун арзандабай жатканы айтылды

28.05.2020 11:18
882
Жогорку Кеңеште доллар түшсө да ун арзандабай жатканы айтылды


Доллар курсунун төмөндөөсү менен азык-түлүккө болгон баа да арзандашы керек. Мындай талапты Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев бүгүн, 28-майда парламент жыйынында билдирди.


Анын айтымында, АКШ долларынын курсу жогорулаганда, азык-түлүк, тамак-аш жана башка нерселердин баасы да кымбаттап кетет.


“Доллар азыр түшүп жатат, бирок азык-түлүк арзандаган жок. Өзгөчө ундун баасы ошол эле бойдон калды. 1300 сомдук ун 1600 сомго чыкты дагы кайра арзандаган жок. Азыр ажиотаж жок, доллардын жана күйүүчү майдын баасы деле түштү да”, - деп айтты депутат.


Маматалиев буга байланыштуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттигине баа саясатын караштырып чыгууга өкмөт тапшырма бериши керектигин кошумчалады. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн