Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 11:26
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

ЖК депутаты көө жапты деп түркиялык ишкерге миллион сом доо койду

ЖК депутаты көө жапты деп түркиялык ишкерге миллион сом доо койду


Жогорку Кеңештеги "Бир-Бол" фракциясынын депутаты Алмазбек Акматов аны каралаганы үчүн Али Салих Ифлазоглу аттуу түркиялык ишкерди сотко бергенин "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Анда ал анын аброюна себепсиз шек келтиргени үчүн түркиялык ишкерге 1 миллион сом доо койгонун айтат.

   

Депутаттын кайрылуусун өзгөртүүсуз беребиз: 


"Достор, соңку эки күндө, менин дарегиме ар кыл сын пикирлер, курулай дооматтар жана каралоо болуп кетти. Боордош элдин жараны, достук мамиледеги түрк элинин өкүлү катары сыйлап, унчукпай, теңелбейин деген пикирде элем. Тилекке каршы, жеке кат куржунума келген суроолор жооп кайтарууга мажбур кылды. Бардыгыңыздарга эле бир жооп берейин.


1. Жогорку Кеңештин депутаты ишкердик менен алектенгенге укугу жок. Мыйзамды туу туткан адам катары мыйзамга каршы кадамдарга барбайм. Ишкердик менен алектенбейм.


2. Мага доо койулган “Таксим- бир туугандар” кафесине менин тиешем жок. Кафенин орду менин тууганым Чынара Султанбековага таяэнесинен калган мурас. Бирок, мен ар бир тууганымдын мүлкүнө ээлик да, ишмердигине жооп берип, таасир да бере албайм. Ал менчик ээсинин жеке иши.


3. Түрк жараны Ифлазоглу Али “шартыма көнбөсөңөр” коомго чыгып, өч алам, тажрыйбам бар, “көргүлүктү көргөзөм” деген сыяктуу коркутууларды айтып жүргөнүн социалдык түйүндөргө кайрылуусу чыккандан кийин билдим. Демек, мени каралоого атайын жасалган кадам катары баалоого толук негиз бар.


4. Кадыр-баркыма шек келтирилип, намысыма тийгизген сокку болгондуктан сотко кайрылып, калыстыкты талап кылууга мажбурмун. Бул менин башкы мыйзам кепилдик берген укугум.


5. Ленин райондук сотуна менин ар намысымды коргоо боюнча доо арызымды өткөрүп, 1 млн сом доо койдум. Сот ишти акыйкат карап, жеңип чыксам 1 млн сомду, COVID-19дан жабыр тарткан чынчыл ишкерлердин эсебине которуп берүүнү туура көрдүм.


6. Эгерде, түрк ишкери, мага коюлган дооматын далилдеп берсе, менин “коркутканымды” айгинелесе мыйзам алдында жооп берүүгө даярмын.


7. Түрк ишкери, чын эле инвестор болсо, “Таксим бир туугандар” кафеси 11 жыл аралыгында өлкө казынасына канча төлөм киреше бергенин салык кызматынын толугу менен дыкат текшерип берүүсүн талап кылам. Ошондой эле, каржы полициясы инвестор катары мамлекетке канча каражат кирештегенин карап, ишмердигин текшерүүгө алып өз баасын берүүгө чакырам.


Урматтуу достор, кырдаалга атайын саясий өңүт берилип, түрк ишкеринин артында оппоненттерим турбайт деген кепилдик жок. Андыктан, укук коргоо кызматтары юридикалык баа бермейинче бир жактуу каралоону токтото турууну, иштин чын төгүнүнө жетүүгө өзүм дагы кызыктар экенимди билдирем. Дагы бир жолу, кафенин ишмердигине тиешем жоктугун белгилейм. Урматым менен, Алмазбек Акматов", - деп айтылат депутаттын кайрылуусунда. 


Белгилей кетсек, бир нече күн мурун өзүн Бишкектеги "Таксим" кафесинин ээси катары тааныштырган түрк жараны Али Салих Ифлазоглу "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарына жана президентке кайрылуу жасаган. Ал Жогорку Кеңештин жанына туруп тартылган сегиз мүнөттүк видеодо түркиялык ишкер алданып калганын айтып, 750 миң доллар короткон бизнесин тартып алууга аракет болуп жатканын, алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов да бар экенин билдирген эле.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн