Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 10:30
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

ЖК депутаты жумуш учурунда каза болсо, канча компенсация төлөнүп берилет?

06.06.2023 14:14
731
ЖК депутаты жумуш учурунда каза болсо, канча компенсация төлөнүп берилет?


Бүгүн Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде прокурорлор курман болсо берилчү жөлөк пулду 10 эсе азайтуу мыйзам долбоору каралды. 


Финансы министри Алмазбек Бакетаев бюджеттен каржыланган мекемелердин кызматкерлери жумуш учурунда каза болсо канча компенсация берилери тууралуу маалымат берди.


Кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болсо үй-бүлөсүнө төлөнүүчү компенсациянын суммасы:


- ИИМдин кызматкерлери — 2,5 миллион сом;
- соттор — 1-1,5 миллион сом;
- мектеп директору, мугалими — 5-5,5 миллион сом;
- дарыгерлер — 5 миллион сом;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер — 1 миллион сом;
- айдоочулар — 1 миллион сом;
- пол жуугучтар — 400-500 миң сом.


Андан соң эл өкүлү Жусупбек Коргонбай уулу "эгер Жогорку Кеңештин депутаты ары карап кетсе канча сом төлөнөт?" деп сурады.


"Депутаттарга бир миллион сом каралган. Мамлекеттик кызматкерлердики сиздер менен тең. Кудай сактасын! Депутат, министр, башкы адис, баарына 1 миллион сом", — деди Бакетаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн