Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:15
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Депутаттар өзбек бийлигинен кечирим сурады делген Бороновду парламентке чакырды

03.06.2020 10:13
4326
Депутаттар өзбек бийлигинен кечирим сурады делген Бороновду парламентке чакырды


Депутат Закир Шарапов Жогорку Кеңештин бүгүн, 3-июндагы жыйынында премьер-министрдин убактылуу милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду парламентке келип, Баткендеги Чечме аймагында кыргыз-өзбек чек арасында чыккан жаңжал боюнча толук маалымат берүүсүн талап кылды.


Депутат билдиргендей, учурда жергиликтүү жана өзбекстандык ЖМКларда Кыргызстан Өзбекстан тараптан кечирим сурагандыгы тууралуу маалымат тарап жатат.


Коңшу өлкөнүн премьер-министри Арипов Кубатбек Боронов менен сүйлөшкөндөн кийин өзбек эли менен жолугуп, анда чоң бутканын үстүнө чыгып алып “кыргыз тарап Сох анклавынын жолун ачып, каридор түзүп беребиз деген убаданы берди, жайыт маселесин караштырып бере турган болду жана Сохко кирүү үчүн 80 чакырым кыскарткан жолду ачып, бирок 2-3 күндөн кийин кайра жаап койгону үчүн кыргыз тарап кечирим сурады” деп айтканы маалымдалды. Биз эмне үчүн кечирим сурашыбыз керек? Арипов Кыргызстанга аткарылбай турган маселе боюнча ультиматум коюп жатат”, - деди Шарапов.


Буга байланыштуу депутат К.Бороновду Жогорку Кеңешке чакырып, эки тараптуу жолугушууда эмне тууралуу сүйлөшүлгөндүгүн, маселе кандай өңүттө чечиле турганы тууралуу ачык маалымат алуу керектигин сунуштады.


Эгерде бул тарап жаткан маалымат туура эмес болсо, анда жокко чыгарсын”, - деди Шарапов.


Анын мындай сунушун депутат Максат Сабиров да колдоду. 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Жумалы Курбанбаев
Эгерде Боронов чындап эле кечирим сураган болсо жана жолду ачып берем деген болсо жанжалга чейинки ахыбал кандай болсо жер маселесин мурдагыдай калтырып ишин тапшырып кетсин бийликтен !!!!!
Шерматов Бакыт
Эгерде кечирим сураганы чын болсочу? Анда эмне болот ? Эмнеге бизге озбек элчилиги талап коет? Эмнеге жерибизди колдонуугу беришибиз керек? Алар ким бизге талап койгудай? Биздин эл окулдору алсыздыгын коргозгон го. Мындай корунуштор улана берсе жерибизден ажырап элибиз жок болушу эч кеп эмес.
Эркиг
Силердин божомолуңардан башка так жооп жок .Караштырып атабыз,сүйлөшүп атабыз,чечебиз дегенден башка сиздерде жооп жок.Анан он жылдан кийин мен айткам деп чыга бересиңер.