Бугу 21, 2024
Убакыт: 23:06
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

ЖК депутаттары Орозайым Нарматованын бошотулушун талап кылышты

10.09.2021 11:15
1102
ЖК депутаттары Орозайым Нарматованын бошотулушун талап кылышты

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Ош аэропортунан кармалган "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын бошотулушун талап кылды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


"Оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын милиция тарабынан кармалышы чектен чыккан иш болду. 


Жалгыз агасын жоготуп, кан жутуп, мекенине келген кызды аэропорттон кармап, күч менен алып кетишкени эч бир салтка, адамгерчиликке жатпай турган көрүнүш. Ал коркунучтуу кылмышкер эмес. Орозайым жаш экенине карабай кайсы бийлик болбосун өз оюн эркин айтып, позициядан тайбаган эр жүрөк атуул. 


Кыргызстанда миллиондогон коррупциялык иштерге шектелгендер ээн-эркин сайрандап жүргөндө активисттин "жети түндө" аэропорттон күч менен кармалышы укук коргоо органдарына, бийликке абирий алып келбейт. 


Орусияда миллиондогон мигранттар сыяктуу эмгектенип жүрсө да мекениндеги окуяларга кайдыгер карабаган Орозайым Нарматовага өз өлкөсү, өз элинде мыйзамсыз мамилени ачык айыптайм. 


Жогорку Кеңештин депутаты катары күч органдарынан кеңири түшүндүрмө жана Орозайым Нарматованы тез арада бошотууну талап кылам!",- деп билдирүү калтырган Акаев.


Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева да активисттин бошотулушун талап кылган.


"Орозайымды кармап кетүү - уят жана бийликтин аброюн болуп көрбөгөндөй түшүрөт. Орозайым - мыкты саясатчы, өзүнүн позициясы бар. Ушундай адамдар саясатта болушу керек жана парламентке келиши керек",- деди Касымалиева.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн