Жогорку Кеңештин депутаттары Палестинага жардам катары бир күндүк маянасын бөлөт. Бул тууралуу бүгүн жыйында белгилүү болду.
Буга чейин эл депутаты Жалолидин Нурбаев парламентте Палестинанын тургундарына кантип жардам берүү маселеси каралып жатканын билдирген. Ал Тышкы иштер министрлигине банк эсебин ачууну сунуштады.
Жаныбек Кыдыкбаев кесиптештерине бир күндүк маянасын жабырлануучуларга бөлүп берүүнү сунуштады. Демилге колдоого алынды.
Белгилей кетсек, Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, согуш башталгандан бери Газа тилкесинде дээрлик 3500 киши набыт болду. Израилде акыркы маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 1 миң 300 адамды түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн