Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

ЖК депутаттары Таластагы сүт заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты

29.04.2024 09:45
229
ЖК депутаттары Таластагы сүт заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты


Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары Талас шаарындагы Зоналдык ветеринардык лабораториянын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Парламенттен билдиришкендей, депутаттарга бул багытта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызматтын жетекчиси Улукбек Кожобергенов маалымат берди.

Жакынкы жылдары толук оңдоп-түзөөдөн өткөн лабораторияда тиешелүү шарттар түзүлүп, учурда азык-түлүктөрдүн бардык түрүн ички рынокко чыгарууда лабораториялык анализдерди берет. Бирок, мында лабораторияны тез арада аккредитациядан өткөрүү зарылдыгы турганы көйгөй катары көтөрүлдү. Улукбек Кожобергенов белгилегендей, керектүү документ иштери бүткөрүлүп, жакынкы күндөрү бул маселе чечилсе, экспортко чыгуучу продукцияларды Таластын өзүнөн лабораториядан өткөрүү мүмкүнчүлүгү жаралат.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экологиялык жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев лаборатория кызматкерлеринин маянасын тактап, алардын эмгек акыларын көтөрүү жагдайын белгиледи. Муну менен катар эл өкүлү мал жандыктарын эмдөөдө вакциналардын жетиштүүлүгүн, жайлоого көч башталарда ветеринардык постторду уюштуруу зарылдыгын кошумчалады.

Ошондой эле комитет мүчөлөрү Талас шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү "Талас сүт" ЖАК заводуна да барышты. Ишкана жетекчиси ишмердүүлүгү менен тааныштырып, депутаттарга бир катар сунуш-пикирлери менен бөлүштү. Алсак, былтыркы жылы Россияга сүт азыктарын экспорттоого тыюу салынгандан тартып өндүрүштө иш солгундаган. Заводдун жамааты экспортко чыгууга жана төмөн пайыздуу насыяларды алууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Депутат Султанбай Айжигитов бул жаатта мамлекет ата-мекендик өндүрүштү колдоого алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек заводдо 50дөн ашык адам эмгектенип, сүттү кайра иштетүүдөн эки түрлүү продукция өндүрөт.

Талас шаарынын ат майданы (ипподром) менен жеринен таанышкан Жогорку Кеңештин депутаттарына аны башкаруу укугун башка мамлекеттик органга берүү сунушу айтылды. Депутат Марат Мураталиев Маданият, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагындагы ат майданды өнүктүрүү максатында Талас шаарынын мэриясына берүү туура болорун белгиледи. Бул багытта комитет тиешелүү чечим кабыл ала турганы айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн